Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:27

Аба ырайы: Жамгыр жаайт


28-июнда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда карга айланат. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүшү ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26 градус,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23 градус,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында түнкүсүн 10...12, күндүз 19...21 градус болот.

XS
SM
MD
LG