Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

БШК шайлоону каржылоонун ачыктыгын камсыздоо боюнча жоболорду кабыл алды


Референдумга жана жергиликтүү кеңештерге добуш берүү. 11-декабрь, 2016-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

26-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун ачыктыгын камсыздоо боюнча жоболорду кабыл алды.

Бул жоболор шайлоого сарпталган бюджеттик акча тууралуу маалымат берүү гана эмес, саясий партиялардын шайлоо фондунда иштетилген акчанын булагын, чыгашаларын ачык көрсөтүшүнө жол ачат. БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай жоболор БШКнын көзөмөл-ревизиялык тобунда иштелип чыккан.

Биринчи жободо атайын эсеп ачуу, шайлоо фондун түзүүнүн эрежеси, келип түшкөн каражат менен чыгышталган каражаттын эсеби, шайлоо күрөөсү, отчет жана көзөмөл тартиби аныкталган. Жободо саясий партиялардын шайлоо фондундагы акчанын сарпталышы боюнча маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланары да белгилеген.

Жакында кабыл алынган “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамда да партиялар жыл сайын каражаты тууралуу маалыматты сайтына жана БШКнын сайтына жарыялап туруу нормасы бар.

Экинчи жобо - шайлоого мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты пайдалануу боюнча БШКнын, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын отчету. Ага ылайык, шайлоо өнөктүгүнө сарпталган каражат тууралуу маалымат аймактык комиссиялардын жана БШКнын сайтына жарыяланат.

Үчүнчү жобо – БШКнын көзөмөл-ревизия тобунун ишмердигине байланыштуу. 2018-2020-жылдарга карата жаңы киргизилген эрежелерге ылайык, шайлоого сарпталган каражаттар тууралуу маалымат жаңы формада толтурулат. Мындан тышкары шайлоочулар, бейөкмөт уюмдар, басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө шайлоо өнөктүгүнүн каржылануусуна байкоо жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

26-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы коронавируска каршы ыкчам штабдын жетекчилери менен чогуу күзүндө өтүүчү парламенттик жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу маселени талкуулаган. Жыйынтыгында штабдын жетекчиси – биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков баштаган штаб өкүлдөрү шайлоонун мөөнөтүн президент аныктаган соң, аны коопсуз өткөрүү алгоритмин БШК менен чогуу иштеп чыгууну чечишкен.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG