28-июнга карата Баткенде COVID-19 илдетине чалдыккан 13 адам катталды. Бул пандемия башталгандан берки убактагы облустагы эң жогорку көрсөткүч. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, акыркы учурда оорунун белгилерин байкап, ооруканага өзү кайрылган жарандар көбөйдү.
“Буга байланыштуу оорулуулар жана алар менен байланышта болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Облуста санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Кырдаалды ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жеке көзөмөлүнө алган. Ыйгарым укуктуу өкүл кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге дагы бир катар тапшырмаларды берди”- деп билдирди Чолпон Бердикулова.
Ошондой эле аймакта кырдаалдын мындан ары курчуп кетпөөсү жарандардын жеке жүрүм-турумуна жана жоопкерчилигине байланыштуу экени элге түшүндүрүлүп жатат.
Облус бийлиги жарандарга зарыл болбосо көчөгө чыкпоого чакырып, беткап тагынып, санитардык талаптарды бекем сактоого үндөөдө.
28-июнга карата Баткен облусунда стационарда 17 адам дарыланууда, обсервацияда 138 жаран бар. Жалпы коронавируска чалдыккандардын саны - 51 адам. (JsA/ZKo)