29-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолордо жаан карга айланат. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31 градус,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28 градус,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28 градус болот.