Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Трамп: Орусия ооган жоочуларына акча бергенин уккан эмесмин


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп "Орусиянын чалгын кызматы Ооганстандагы америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн "Талибанга" тиешеси бар жоочуларга акча төлөгөн" деген корутунду менен таанышпаганын билдирди.

"Орустар тарабынан Ооганстандагы биздин күчтөргө коюлганы айтылган чабуул боюнча эч ким мага же вице-президенти Майк Пенске же аппарат башчысы Марк Медоузга маалымат берген эмес же айткан эмес", - деп жазды Трамп 28-июнда "Твиттердеги" барагына.

Ал "The New York Times" басылмасында жарыяланган бул маалыматты бардык тараптар четке кагып жатканын, америкалык күчтөргө "анчалык көп деле чабуул болбогонун" кошумчалады. Трамп "Твиттердеги" башка бир билдирүүсүндө "Москвага каршы чечкиндүү чара көргөн жок" деген сөздөргө жооп кайтарып, "Орусияга эч ким менчелик катаал болгон эмес" деп белгиледи.

"The New York Times" 26-июндагы макаласында бир нече ай мурда АКШнын чалгын кызматтары "Орусия Ооганстандагы америкалык жана коалициялык күчтөрдү өлтүрүү үчүн "Талибанга" байланышы бар жоочуларга акча төлөгөн" деген бүтүмгө келишкенин жазган. Аталган басылма бул маселеден кабары бар, жашыруун калууну каалаган америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып билдиргендей, өткөн жылы Ооганстанда болгон айрым чабуулдарга Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгы (ГРУ) буюртма берген.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги дароо жооп кайтарып, макаладагы маалыматтарды "негизи жок жана купуя айыптоолор" деп мүнөздөгөн. 27-июнда "Талибан" кыймылы да бул айыптоолорду "кескин түрдө четке кагаарын" билдирген.

XS
SM
MD
LG