Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Премьер-министр элди дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болууга чакырды


COVID-19 вирусун аныктоочу лабораториянын кызматкери. Бишкек. Июнь, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убактарда коронавируска чалдыккан адамдар көп болуп жатканын белгилеп, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Өкмөт башчы бул тууралуу 28-июнда коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында айтты:

«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Бул бүгүнкү абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы – дүрбөлөң түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада башаламандыкка алып келет. Ошондуктан жарандарыбызды сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырам”, - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр мындан тышкары эл көп чогулган жерлерди текшерүүнү тапшырды. Кафе-ресторандарда, базарларда, коомдук автоунааларда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү милдеттендирди.

Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен өпкөсү кагынган (пневмония) бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматына ылайык, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкөсү кагынган (пневмония) жарандарды кабыл ала баштаганы айтылды.

Маалыматка караганда, бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. 57 кычкылтек концентраторлору ооруканаларга таратылды.

Мындан тышкары Бишкектеги №1 шаардык ооруканада өпкөсү сезгенгендер үчүн кошумча 120 керебет коюлду. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканасында 400дөн ашык орун камдалганы маалымдалган.

Республикалык штаб COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка ооруканалар даярдалганы, бейтаптар үчүн орун жетиштүү экенин кабарлоодо.

Ал эми соцтармактарда коронавирустун белгилери байкалып, ооруп жаткандардын 103, 118 кызматтарына жана ооруканалардын кабылдамаларына нааразылыктары күч алды. 24-июнда Бишкекте 50 жаштагы бейтаптын жакындары ал бир да оорукана албай койгондуктан, оорукананын оозунда каза болгонун билдиришкен.

Акыркы суткадагы маалымат боюнча 269 адамдан коронавирус жаңы катталды, үч бейтап каза болду.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG