Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

“#Rеакция 3.0” "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамына вето коюуну президенттен талап кылды


"#Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясынын катышуучулары. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
"#Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясынын катышуучулары. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

Бишкекте уюштурулган “#Rеакция 3.0” митингинин катышуучулары “Баш кесмек бар, тил кесмек жок!”, “Биз кул эмеспиз!” “Кворум жок – мыйзам жок!” деген ураандар менен чыгып, парламентти 25-июнда элге каршы мыйзам кабыл алды, муну менен бийлик сөз эркиндигин ооздуктоого аракет кылууда деп айыпташты.

“#Rеакция 3.0” митинги президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюуга чакырды.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-июнда үч окуудан удаа кабыл алган. Мыйзамга 79 депутат “макул”, он депутат каршы добуш беришкен.

Гүлшат Асылбаева баштаган демилгечи депутаттар талаштуу мыйзамды адамдын жеке аброюн, ар намысын жалган маалыматтардан коргой турганын айтып келатышат.

26-июнда жарандык активисттер Жогорку Кеңештин аталган мыйзамды кабыл алган отуруму одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп, чара көрүүнү сурап УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевге ачык кайрылуу жолдоду.

Ошондой эле коомчулукта президент Сооронбай Жээнбековду мыйзамды четке кагууга чакырган петицияга кол топтолуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG