Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Польшанын президенттик шайлоодо Анджей Дуда алдыга чыкты


Польшанын президенти Анджей Дуда тарапкерлери менен, 28-июнь, 2020-жыл.

Польшадагы президенттик шайлоонун биринчи турунда учурдагы мамлекет башчы Анджей Дуда алдыга суурулуп чыкты. Жекшембидеги шайлоонун жарым-жартылай жыйынтыгына ылайык, 48 жаштагы Дуда жалпы добуштардын 45,7 пайызын алды. Экинчи орунга 28,5 пайыздай добуш топтогон Варшава шаарынын мэри Рафал Тшасковский чыкты.

Экзит-полл президент Дуда шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын 41,8 пайызына, Тшасковский 30,4 пайызына ээ болорун көрсөткөн. Бул жыйынтыктар расмий түрдө ырасталса, анда Польшада президенттик шайлоонун экинчи туру болот.

28-июндагы шайлоого 11 талапкер ат салышты. Алардын арасында бир да аял жок. Улуттук консервативдүү партияны жетектеген, оңчул жана популисттик көз караштары менен таанымал Анджей Дуда дагы беш жылга президенттик кызматка шайланып келүүнү көздөп турат. Ал өзү бийликте турганда калкка социалдык жардам көбөйгөнүн билдирип келет.

Анын атаандашы Тшасковский оппозициядагы либералдык-демократиялык блоктун атынан шайлоого катышты. Ал шайланып калса, Дуданын өкмөтүнүн юстиция тармагындагы талаштуу реформасын жокко чыгарарын айткан. Дал ушул маселе Варшава менен Евробиримдиктин ортосундагы кайчы пикирлерге себеп болгон.

XS
SM
MD
LG