Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

"#Reакция 3.0" деп аталган акция Акүйдүн алдында уланып жатат


"#Reакция 3.0" акциясынын катышуучулары Ала-Тоо аянтында. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
"#Reакция 3.0" акциясынын катышуучулары Ала-Тоо аянтында. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

“Эркиндик!” деп чакырык таштаган митингчилер "Эркиндик" гүл багынан Акүйдүн алдына жөө жүрүш менен келишти. Ушул тапта катышуучулар Жогорку Кеңештин алдында аралыкты сактап турушат. Алар “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы чакырыктарды айтып, мыйзамдын автору Гүлшат Асылбаеваны мандатын тапшыруусун талап кылып жатышат.

Уюштуруучулар акцияга миңден ашык киши, негизинен жаштар катышып, алар аянтка "элдин үнүн" алып чыгып жатышканын, артына эч кандай саясий күчтөр жок экенин белгилеп жатышат.

Митингге милиция кызматкерлери көз салып турушат. Алар аянтка канча киши чыкканын айтыша элек. Катышуучулар коопсуздугун сактап бергени үчүн милицияга ыраазычылык билдиришти.

Акциянын уюштуруучулары, модераторлор пандемияга байланыштуу социалдык аралыкты сактоого чакырышты. Келгендердин баары беткап тагып турушат.

Буга чейин Бишкек мэриясы акция өтөрү тууралуу маалымат жарыялангандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүчү көчөлөрдүн арасында "Эркиндик" сейил багы дагы бар экенин маалымдаган.

Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. Бийлик бул нааразылык акциялары боюнча үн каткан эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG