Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:31

COVID-19дан айыгуу көрсөткүчүнүн төмөндөөсү уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен айыккандардын бул оору боюнча жалпы көрсөткүчтөгү деңгээли соңку үч күндө дагы начарлады.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 29-июнга карата бул көрсөткүч 45,7% болду.

26-июнда сакайып кетүү көрсөткүчү 51,4%, бир апта мурда 58,3% болчу.

Ошол эле учурда оору жуккандардын саны көбөйүүдө.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт коронавируска байланыштуу айрым ооруканалардан кошумча орундарды даярдап жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG