Ош облусунда шахтада бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Ноокат районунда "Жинжиген" деген шахтада болду. Ал адам газга ууланып калган.
Жерине тоо-кен куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн шахтадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Бир апта мурда Баткенде көмүр шахтасында төрт адам каза болгон.
Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылы он чакты өлүм катталган. (RK)