Пакистандын Карачи шаарында согушкерлер фондулук биржага чабуул коюшту. Полициянын маалыматына ылайык, төрт жоочу жок кылынды. Куралдуу топ дүйшөмбүдө эртең менен машине менен имараттын жанына келип, кире беришке граната ыргыткандан кийин туш келди аткылап, биржага кирип барууга аракеттенишкен.
Азырынча канча киши кол салганы так айтыла элек. Карачи шаарынын полициясы имараттын коопуздугун камсыздаган эки кызматкер жана бир тартип коргоочу окко учканын маалымдады. Кырдаал көзөмөлгө алынганы, биржанын кызматкерлери жабыркабаганы кабарланууда.
Шаардын финансылык районунда орун алган имаратта ошондой эле Пакистандык мамлекеттик банкы жана эл аралык каржы институттарынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.