Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Ош мэриясынын аппарат жетекчилигине Жалил Осмоновдун дайындалышы сынга кабылды


Жалил Осмонов.
Жалил Осмонов.

Ош шаар мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин Жалил Осмонов убактылуу аткарат. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгонун басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

56 жаштагы Жалил Осмонов Алай райондук акимчилигинде иштеген. “Ага Хан” фондунун Алай райондук бөлүмүн, кийинчерээк Ош шаардык бөлүмүн жетектеп турган.
Алай райондук кеңешинин мурдагы депутаты. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө каржы жана чарба секторунун башчысы болуп иштеген.
2018-2019-жылдары Аравандагы кыргыз-кытай “Синжи-Пирим” жоопкерчилиги чектелген ишканасында иштеп, бүгүнкү күнгө чейин “Ош Пирим-Оскен” компаниясын жетектеп келген.

Жалил Осмоновдун дайындалышы соцтармактарда “мэр жердештерин айланасына топтоп жатат” деген сын-пикирлерге жем таштады.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Алайда туулуп-өскөн. Алай районунун мурдагы акими.

Ош мэриясынын аппаратынын мурдагы башчысы Максатбек Зикиров эки апта мурда оорудан улам каза болгон. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG