Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Боронов: Коронавирус экенин билбестен башкаларга жугузуп жаткандар абдан көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзү билбестен коронавирустун жайылтуучусу болуп жүргөндөр өтө көп. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

29-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратып, Боронов COVID-19га каршы күрөшүүдө өлкөнүн ар бир жаранынын жардамы маанилүү деп айтканын билдирди:

«Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып, арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей, инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Вирус бар экенин билбестен адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калып жатат. Бул илдетти жугузгандардын санынын күн сайын өсүшүнө алып келүүдө. Биз дарыгерлер менен бирге ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес».

Ошону менен катар өкмөт башчысы элди дүрбөлөңгө түшпөөнү өтүндү.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус деген диагноз 5017 адамга коюлду, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294ү айыгып кетти.

Анализ ыкмалары так болбой жаткандыктан Кыргызстанда пневмония илдетин жуктурду дегендердин баарында азыр коронавирус экенин көз каранды эмес адистер айтууда.

Саламаттык сактоо министрлиги март айынан бери пневмониядан 54 адам кайтыш болгонун 29-июнда расмий билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG