Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Президент өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режиминде иштеген дарыгерлердин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга кол койду


Оорукананын алдында эс алып отурган дарыгерлер. 28-май, 2020-жыл.
Оорукананын алдында эс алып отурган дарыгерлер. 28-май, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгонун президенттин сайтты жазды.

“Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөрүүдө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими учурунда иштеген саламаттык сактоо кызматкерлеринин кепилдиктери жана кенемтелери белгиленген.

Алардын катарында өзгөчө абал режиминде ыйгарым укуктуу органга медицина кызматкерлерин жумушуна жетүү үчүн транспорт, коргонуучу каражат, иш орундарын талаптагыдай шарт менен камсыз кылуу милдеттендирилген.

Ошондой эле өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда саламаттыгына зыян келтирүүчү оор кырдаалда иштеген медицина кызматкерине төрт орточо айлыгынан кем эмес, санитардык-карантиндик кооптуу аймактардагы зыяндуу, оор шартта иштегендерге 10 орточо айлыгынан кем эмес компенсация, ушундай шарттарда иштегендин кесепетинен каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 20 орточо айлык маянадан кем эмес өлчөмдө пособие чегерилери каралган.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 21-майда кабыл алган. Ал президент кол коюп, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Буга чейин иш учурунда коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом, ал эми илдеттин айынан каза болгон медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөрү расмий кабарланган.

COVID-19 илдети жайылган март айынан бери Кыргызстанда 712 медициналык кызматкер вирус жуктурду. Алардын ичинен 414 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Эки дарыгер коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумду. (TSh)

XS
SM
MD
LG