Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Өкмөт: Медициналык кадрлардын резервинде 870 адам бар


Коронавирус жуктургандарды аныктоочу мобилдик топ. Бишкек. Апрель, 2020-жыл.
Коронавирус жуктургандарды аныктоочу мобилдик топ. Бишкек. Апрель, 2020-жыл.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпы жолунан тизмеде 870 адам бар. Алардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:

Бишкек шаары – 518

Ысык-Көл облусу – 76

Талас облусу – 70

Нарын облусу – 67

Баткен облусу – 48

Чүй облусу – 42

Ош облусу, Ош шаары – 41

Жалал-Абад облусу – 8

Резервдегилердин 207си медициналык билим берүү уюмдарында. Резервдеги ординаторлор -302.

Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты. Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда. Окутуу 30-июнунда башталат.

Буга чейин өкмөттө пандемия шартында иштеген медицина кызматкерлеринин ордуна резерв даярдоо маселеси көтөрүлгөн.

Март айынан бери өлкөдө COVID-19 илдетине 700дөн медициналык кызматкер чалдыгып, эки дарыгер коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумган. (TSh)

XS
SM
MD
LG