Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Жээнбеков түркмөн президенти Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктады


Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухамедов.
Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухамедов.

29-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовду телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Жээнбеков куттуктоо сөзүндө Бердымухамедовдун ишине ийгилик каалап, боордош түркмөн элине тынчтык, өнүгүү каалады. “Эки мамлекете башчы кыргыз-түркмөн кызматташтыгын талкуулап, алдыдагы пландарды сүйлөшүштү”, - деп жазылат президенттин сайтында.

Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп саналат. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүндө эң акыркы, Түндүк Кореянын алдындагы орунда турат.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин ырастай элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатканы кабарланууда. Бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес. Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG