Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Саламаттык сактоо министрлигинде кызматкерлердин 30% гана ишке чыгууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин аппаратынын кызматкерлеринин 30% гана жумушка чыгууда. Бул тууралуу 30-июнда министрдин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус боюнча онлайн брифингде билдирди:

"Көп медицина кызматкерлери, дарыгерлер ооруп, Саламаттык сактоо министрлигинин аппаратында да 30% иштеп жатат. Андан тышкары ооруп жүргөндөр көп болууда. Аларды биз "аралыктан иштегиле, чыкпагыла" деп жатабыз".

Соңку бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жуккан 47 медицина кызматкери жаңы катталды. Алардын 33ү Бишкекте, жетөө Талас облусунда, төртөө Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, бирөө Чүй облусунда.

Жалпысынан COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан, экөө кайтыш болгон.

Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүү керектигин 26-июнда билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG