Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:10

Президент Жээнбеков: Парламенттин сапаты партиялык тизмеден көз каранды


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште. 15-апрель, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө алдыдагы парламенттик шайлоо маселесине кайрылып, бардык партияларга бирдей мамиле кылаарын, кандай партия жеңип келсе да иштешүүгө даяр экенин билдирди:

“Эл арасында “тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ал партияга мынча мандат алып берет экен” деген сөздөрдү угуп жатам. Партия жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен бир партияга эмес, жалпы коомго кызмат кылуу үчүн шайлангам. Мени жалпы элибиз шайлаган. Мен кайсы бир партияга эмес, элге таянам. Бир кудайга жана элиме ишенем”.

Президент Жээнбеков парламент кабыл алган шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар таза шайлоого кызмат кылат деп ишендирди.

Шайлоону таза өткөрүү президент менен өкмөттөн гана эмес, партиялардан, депутаттардын өзүнөн да көз каранды экенин эскертип, шайлоого бара турган саясатчыларды жоопкерчиликке чакырды:

"Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, массалык маалымат каражаттары эркин, парламент түстүү болушу абзел. Парламенттин түстүү болушу, курамынын сапаты партиялар түзгөн тизмесине көз каранды."

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. 26-июндан баштап он күн аралыгында парламенттик шайлоо боюнча президенттин жарлыгы чыгышы керек. Эгер президент шайлоонун мөөнөтү боюнча үн катпаса, бул милдет Борбордук шайлоо комиссиясына өтөт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG