Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

УКМК: Атамбаев вирустук инфекциянын белгилери байкалган адвокат менен контакт болгон


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев вирустук инфекциянын белгилери аныкталган адвокат менен контакт болгон. Бул тууралуу 30-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызмат мурдагы жетекчинин жакындарынын ага оору тергөө абагынын кызматкерлери ишин так аткарбаганы үчүн жукканы тууралуу билдирүүсүн четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “Алар Атамбаевди “саясий туткун” кылып көрсөтүп, анын кылмышын жаап-жашыруу максатында коомчулукту атайын адаштырып, кылмыш ишин саясий өңүткө байлоого аракет кылып жатышат” деп айтылды.

Атайын кызмат Атамбаев соңку апта ичинде адвокаттары жана туугандары менен бир нече жолу жолукканын белгиледи:

“Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында УКМКнын тергөө абагында жолугушууларды айнек тосмо аркылуу өткөрүү сунушталган. Соңку аптада Атамбаев менен бир нече жолу жолуккан жактоочулары жана жакындары ага кагаздарды жана башка буюмдарды колмо-кол беришкен. Расмий маалымат боюнча, адвокат Замир Жоошевде вирустук инфекциянын айрым белгилери байкалууда. Ал азыр Ысык-Ата районунда коронавирустан дарыланып жаткан жакын тууганы менен байланышта болгон”.

Мурдагы президенттин уулдарынын “Фейсбуктагы” баракчаларына жарыяланган билдирүүдө “Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү ага ооруну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында атайылап жуктурушту деп ишенип жатабыз” деп жазылды.

Ошондой эле УКМКнын тергөө абагы инфекциянын жайылткычына айланганы, камакта отургандардын кеминде онунан COVID-19 табылганы, Атамбаевге оору анын жакындарынан жана адвокатынан жукту деген божомол “абсурд” экени, себеби аны менен жолугушуулар өтө сейрек уюштурулары жана атайын коргоочу айнек аркылуу, беткап кийип өтөрү айтылды.

Атамбаев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасында жатканы маалым болду. Анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдиргендей, азырынча жолугушууга уруксат берилбей жатат:

“Мен ооруканада турам. Мыйзамдуулук орноп, ага жолуктурушат деп ишенем. Себеби абалын көрүп, сүйлөшүшүм керек”.

УКМКнын маалымат кызматы Атамбаев 29-июнда өзүн начар сезип жатканын айткандыктан андан COVID-19га анализ алынганын, жыйынтыгы таза чыкканын, ошол эле күнү онлайн консилиумдан кийин өпкөсүнүн эки жагы тең пневмония болгону аныкталганын 30-июнда билдирди.

Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы окуя боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага карата козголгон дагы бир иш боюнча жакында өкүм чыгып, ал 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды. (RK)

XS
SM
MD
LG