Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Аба ырайы: Жамгыр жаайт


1-июлда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарга карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23 градус жылуу болот.

1-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн 14…16°, күндүз 30…32° ысыйт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG