Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:55

Евробиримдик бир катар өлкөлөргө чек арасын ачат


Евробиримдиктин желеги
Евробиримдиктин желеги

Евробиримдик 1-июлдан тартып бир катар өлкөлөрдүн жарандарына аймагына кирүүгө уруксат берерин жарыялады. Биримдиктин 27 өлкөсүнөн тышкары Шенген аймагындагы дагы төрт өлкөгө жарандары саякаттап же бизнес сапар менен бара ала турган өлкөлөр - Алжир, Австралия, Канада, Грузия, Жапония, Черногория, Марокко, Жаңы Зеландия, Руанда, Сербия, Түштүк Корея, Таиланд, Тунис жана Уругвай. Бул өлкөлөр коронавирус менен ийгиликтүү күрөшкөн, салыштырмалуу "коопсуз" деп табылды.

Ал эми кытайларга Бээжин европалыктарга чектөөнү алгандан кийин гана кирүүгө уруксат берилери белгиленди.

Евробиримдик коронавирус жайылып жатканын жүйө келтирип, АКШнын, Орусиянын, Бразилиянын, Индиянын жана Түркиянын көпчүлүк жарандарына чек арасын ачпай турган болду.

Коронавирус Италия менен Испанияда күчөй баштаган март айында АКШ президенти Дональд Трамп Шенген аймагынан баргандарга чек койгон эле. Өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша саякат тизмеси эки жумада бир жолу жаңыланып турат.

Акыркы апталарда айрым аймактарын эске албаганда Евробиримдикте коронавирустун жайылуусу басаңдай баштады.

XS
SM
MD
LG