Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Дагы эки жеке менчик лабораторияга коронавирус боюнча анализ жүргүзүүгө уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавирусту аныктоого уруксат дагы эки жеке менчик лабораторияга берилди. Бул тууралуу 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, мындан ары каалоочулар «Auqalab» жана «Экспресс плюс» лабораторияларына кайрылса болот.

«Алардын баасы ПЧР (Полимера́здык чынжырча реа́кциясы) 1600 сом болуп жатат. ИФА (Иммуноферменттик анализ) баасы боюнча айырма бар. Арзан эле. Кайрылып, анализ тапшырсаңар болот», - деди ал.

Коронавирусту аныкташ үчүн анализ мамлекеттик ооруканаларда жүргүзүлөт. Апрель айында мындай укук Бонецкий лабораториясына берилген. Анда ПЧР анализдин баасы 2400 сомдун тегерегинде.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

COVID-19ду аныктоо үчүн экспресс-тест жана ПЧР ыкмалары колдонулууда.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Москвадагы парадга катышпай, кайтып келгенден кийин Кыргызстанда коронавирусту аныктоо ыкмасынын тактыгы суроо жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG