Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

COVID-19: Кошумча орундар Аскердик лицейде да ачылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу бүгүндөн тартып кошумча орундар Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейинде да ачылып жатат. Бул тууралуу 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан ал жерде 150 керебет даярдалды, азыр тийиштүү медициналык жабдыктар жана кызматкерлер менен камсыз кылуу маселеси талкууланып жатат.

«Керебет гана эмес, ал жерде штативдер, медициналык аппаратура жана медицина кызматкерлери керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта иштеп жатат», - деди ал.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Өпкөсү кагынып ооругандар соңку күндөрү кескин көбөйүп, ооруканаларда орун жетпей жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG