Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Тегерандагы жарылуу кеминде 19 адамдын өмүрүн алды


Жарылуу болгон жердеги куткаруу иштери. 30-июнь, 2020-жыл.
Жарылуу болгон жердеги куткаруу иштери. 30-июнь, 2020-жыл.

Тегеранда шейшембинин кечинде оорукананын жанында болгон жарылуудан кеминде 19 киши мерт болду. Адегенде бийлик Сина Атхар клиникасындагы окуяда 13 киши өлгөнүн, алтоо жараланганын билдирген. Бирок кийин Ирандын баш калаасынын өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүнүн басма сөз катчысы Жалал Малеки дагы алты кишинин сөөгү табылганын маалымдады.

Өрт өчүрүүчүлөр 20 кишини куткарып калышты. Расмий маалыматка ылайык, жарылуу оорукананын жертөлөсүндөгү газ баллондорду өрт чалганда болгон.

Интернетте тараган видеолордо бир нече жарылуу болгону көрүнүп турат.

Мамлекеттик телеканал ал жерде кычкылтек баллондору да жарылган болушу мүмкүн деп кабарлады.

Бир нече күн мурун Ирандын баш калаасында газ сакталган аскердик ишканада жарылуу болгон. Анда эч ким каза тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG