1-июлда Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болду. Добуш берүүгө шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у катышты. Шайлоодо жалгыз талапкер болуп чыккан Адыл Лолобаев бардык депутаттардын добушун алып, Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды.
Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кара-Суу шаарынын мэрлигине жалгыз гана адам талапкерлигин койгон. Башка эч кимден өтүнүч түшкөн эмес.
Лолобаев буга чейин Ош, Баткен бажысында жетекчилик кызматтарда иштеп, пенсияга чыккан.
Кара-Суу шаарынын мурунку мэри 2-мартта өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. 6-мартта БШК мэрлик кызматка шайлоону 25-мартка дайындаган. Пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
БШКнын 26-июндагы чечими менен Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 1-июлга белгиленген.
Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү санитардык талаптарды бекем сактоо менен жүргүзүлгөнүн маалымдады.
Кара-Суу шаары Ош облусундагы Кара-Суу районунда жайгашкан. Шаардын аянты 38,7 миң чарчы метр. Элинин саны 25 миңге чукул. 1960-жылдан бери шаар макамын алып жүрөт. (ZKo)