Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Кыргызстанда доллар бир күндө 3,55% кымбаттады


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын расмий курсу жогорулады. Улуттук банк 1-июлга карата аны 75 сом 98 тыйын, ал эми 2-июлга карата 78 сом 68 тыйын деп аныктады.

Бул бир күндө кымбаттоо 3,55%, башкача айтканда, 3 сом 30 тыйын дегенге барабар.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. Ошентип, 1,5 ай ичинде 10 сомго төмөндөп, соңку апталарда 74-75 сомдун тегерегинде болуп жаткан.

Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG