Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги тогузунчу интервенцияны жасады. Өлкөнүн негизги банкы 1-июлда 10 млн. 400 миң долларды сатыкка чыгарды.
1-июлга карата расмий курс 75 сом 98 тыйын, ал эми 2-июлга карата 78 сом 68 тыйын деп аныкталды. Бул бир күндө кымбаттоо 3,55%, башкача айтканда, 3 сом 30 тыйын дегенге барабар.
Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 - 78 сом 30 тыйындан сатып алынып, 78 сом 70 тыйындан 79 сомго чейин сатылууда.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. Ошентип, 1,5 ай ичинде 10 сомго төмөндөп, соңку апталарда 74-75 сомдун тегерегинде болуп жаткан.
Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн. (BTo)