Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Пневмония болгондордун 337си оор абалда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавируска тапшырган анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып (пневмония), ооруканада жаткандардын жалпы саны 1247 адам. Бул тууралуу 2-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, реанимацияда 112 адам жатат.

Бейтаптардын 337синин абалы оор.

Жалпысынан бул илдет менен катталгандар 1971 адам, алардын 97си кайтыш болгон, 627си сакайып кеткен.

Анализ ыкмалары так болбой жаткандыктан Кыргызстанда пневмония илдетин жуктурду деген бейтаптардын баарында азыр коронавирус бар экенин көз каранды эмес адистер айтып жатышат.

Ал эми коронавирус деген диагноз расмий түрдө 18-марттан 2-июлга чейин 6261 адамга коюлду, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530у айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG