Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Ошто COVID-19дан дарыланып жаткан аял оорукананын терезесинен боюн таштап каза болду


Ош. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто коронавирус илдети жугуп, Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аял 1-июлда аталган оорукананын 3-кабатынан боюн таштап, алган жараатынан ошол эле жерде каза болду.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал 29-июндан бери COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан.

Бул окуяны укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо кызматкерлери чогуу иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маркум 25-июнда көз жарган. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон.

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG