Премьер-министр Кубатбек Боронов сырттан келген акчалай жардам тууралуу эл арасында айтылып жаткан дооматтарды «ушак» деп атады. 2-июлда онлайн брифингде маалымат берип жатып ал коронавирус эпидемиясына байланыштуу сырттан өнөктөш уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн жалпысынан 645 миллион доллар суммасында каражат тартуу макулдашылганын айтты.
Боронов билдиргендей, бул акчанын 627,3 миллиону финансылык жардам катары, ал эми 17,7 миллиону гуманитардык жардам иретинде бөлүнүүдө.
Өкмөт башчы бүгүнкү күнгө карата сырттан суралган акчанын 291 миллиону келип түшкөнүн жана «каражатты өкмөт жеп-ичип алды» деген сөздөр негизсиз экенин айтты:
«Президент сырттан алып келүү тууралуу сүйлөшкөн 645 миллион доллардын 291,9 миллиону келип түшкөн. Бул каражат бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалууда. Калган акча келиши күтүлүүдө. «Жеп-ичип алышты» деген сөздөр боюнча айтарым - андай маселе жок. Сайттарга жарыяланып жатат, бирок ошого карабастан эл арасында ар кандай ушак сөздөр айтылууда».
Кийинки күндөрү Кыргызстанда коронавирус боюнча абал курчуп турганын, дарыгерлердин шайы кеткенин, медициналык жабдык жетишсиз экенин Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирүүдө.
Коомчулукта эл аралык каржы булактарынан алынган акчаны өкмөт натыйжалуу пайдаланып жатканынан күмөн санаган пикирлер айтылып жүрөт. Социалдык түйүндөрдө оорусу күчөгөн адамдар ооруканага кабыл алынбай жатканы тууралуу видеолор тарап, сырттан келген акчага мындай абалды алдын алса болот беле деген суроолор коюулууда. (RK)