Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 09:03

Боронов: Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алдык


Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алганын жана ал 3-июлда Бишкекке учак менен жеткирилерин айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта саламаттык сактоо мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентратору бар.

«Гуманитардык жардам катары 23 ИВЛ аппаратын, 52 кычкылтек концентратын, 30 БИПАП аппаратын, беш СИПАП аппаратын алдык. Донорлордун каражатынын эсебинен 63 ИВЛ аппаратты жана 111 кычкылтек концентраторун сатып алабыз. Өкмөт дагы кошумча 50 млн. сом бөлдү. Бул акча да медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат», - деди ал.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Түркиядан да 50 ИВЛ аппарат жана 50 кычкылтек концентратору алынып жатканын кабарлады.

1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентраторунан 2003ү жетишсиз болуп жатканын билдирген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG