Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 35 млн. доллар насыя жана грант алат


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-июлда «Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан быйыл 4-июнда кабыл алынган.

Ага ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 35 млн. АКШ долларын бөлөт. Анын 17,5 млн. доллары насыя, 17,5 млн. доллары гранттык каражат.

Насыяны төлөө мөөнөтү - 38 жыл, анын ичинен алты жылы жеңилдетилген. Жылдык пайыздык чени - 0,75%. Иштетүү мөөнөтү беш жыл. (BTo)

XS
SM
MD
LG