Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Өлүктөрдү изилдеген адис кызматтан мыйзамсыз четтетилгенин билдирди


Эрмек Максүтов.
Эрмек Максүтов.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Эрмек Максүтов иштен негизсиз алынганын билдирип, «Азаттыкка» кайрылды. Өз айтымында, аны Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси Данияр Кошоков өзүнүн 25-июндагы буйругу менен Эмгек кодексинин 83-беренесинин негизинде одоно мыйзам бузуу үчүн деп бошоткон. Максүтов иштен алынышын териштирип берүүнү сурап Башкы прокуратурага, Саламаттык сактоо министрлигинин кесиптик кошуундар бөлүмүнө кайрылганын билдирди.

Мекеменин директору Данияр Кошоков Максүтовдун дооматына комментарий берүүнү каалаган жок.

Максүтов Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда 1998-жылдан баштап иштеп, өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп 2009-жылы дайындалган. «7-апрель ыңкылабы, Ош окуялары, Дача-СУ кырсыгы өңдүү ири кайгылуу окуяларда мерт болгондордун сөөктөрүн изилдөө иштерин жетектегем» деди ал.

Максүтов ошондой эле азыркы коронавирустун кесепети күчөп, экспертиза жасаган адистер жетишпей турган убакта өзүнүн кызматтан алынышын жетекчисинин катасы деп эсептеди:

«Чогуу иштегендер «чакыргандар көбөйдү» деп айтып жатышат. «Мурда 15 болсо, азыр 30га жетип жатат» дешти».

Бишкекте ооруканада көз жумгандарды кабыл алуучу өлүкканага түшкөн сөөктөр көбөйгөнүн «Азаттык» буга чейин кабарлаган.

Борбор калаада эки өлүккана бар. Экөө тең Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аймагында жайгашкан. Бирине ооруканада каза болгондорду алып барышат. Экинчиси Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюрого карайт.

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирустан 66, пневмониядан 97 бейтап кайтыш болду. Бул расмий статистика. Бирок өпкөсүнөн кагынып ооруган айрымдар ооруканага жетпей каза болуп жатканын алардын жакындары айтууда. (BCh/RK)

XS
SM
MD
LG