Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Өкмөт: эл аралык аба каттамдары качан жанданары белгисиз


Иллюстрациялык сүрөт. «Манас» эл аралык аэропорту.
Иллюстрациялык сүрөт. «Манас» эл аралык аэропорту.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам токтотулган эл аралык аба каттамдары кайра качан жанданары азырынча белгисиз. Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда онлайн брифингде бул тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, авиакаттамдардын ишин калыбына келтирүү тууралуу кээ бир мамлекеттерден сунуштар түштү. Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик кызматтары маселени карап чыккандан кийин гана чечим кабыл алынат.

COVID-19 илдетинен улам 20-марттан тартып Бишкек, Ош шаарларына жана ал жактан чыккан бардык эл аралык аба каттамдары токтотулган.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өлкөгө алып келиш үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана айрым учурларда чартердик каттамдар уюштурулуп жатат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими менен 5-июндан тартып ички аба каттамдарын жүргүзүүгө уруксат берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG