Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Жалал-Абад шаарына бир катар чектөөлөр киргизилди


Жалал-Абад шаары. Май 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары. Май 2020-жыл.

Соңку кырдаалга байланыштуу 3-июлдан тартып Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул туурасында мэриянын маалымат борбору билдирди.

Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Жалал-Абад шаарында кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.

Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорт убактылуу каттабайт. Базарлардын иш мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди.

Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Элдин массалык чогулушуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 3-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду. Ошондой эле парктардагы аттракциондордун, футбол аянтчаларынын, интернет клубдардын, түнкү көңүл ачуучу жайлардын жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди.

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530у айыгып кетти. Cоңку күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында да оору жуккандар көбөйүп баратканы айтылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG