Новосибирск-Бишкек аба каттамы менен 3-июлда «Манас» эл аралык
аэропортуна Орусиядан 186 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар да бар.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы генералдык консулдукка кыргызстандыктардан түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн. Анын ичинде 19 кош бойлуу аял, 10 бала, 57 студент жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар.
Соңку маалыматтар боюнча, 3-июлга карата Орусиядан 13 миңге жакын киши Кыргызстанга алынып келген.
Коронавирус пандемиясынан улам бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат.
Алардын көбү Орусияда. Кыргыз тарап Орусиядан адамдарды учак менен да, автобус менен да алып келүүдө. Ушул тапта чек арада күтүп тургандары бар. (BTo)