Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:32

Жыныстык ыдык үчүн айыпталган Эпштейндин жардамчысы камалды


Гислейн Максвелл.
Гислейн Максвелл.

АКШда секелек кыздарга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган миллиардер Жеффи Эпштейндин мурдагы жардамчысы жана курбусу Гислейн Максвелл камакка алынды.

Жергиликтүү бир катар басылмалар ага Эпштейндин кылмыштуу жоруктарына көмөк көрсөтүп, шыкактаган, көз жумган деген айып коюлганын жазышты.

Былтыр августта Нью-Йоркто түрмөдө отурган, ошол кезде 66 жашка чыккан Эпштейндин асылып турган сөөгү табылган. Анын алдында Эпштейнге «жашы жете элек кыздарды жыныстык кулчулукка мажбурлаган» деген айып коюлган. Укук коргоо органдары миллиардер өз жанын өзү кыйганын кабарлашкан.

Жеффи Эпштейндин кылмыштуу аракеттери тууралуу алгачкы маалыматтар 2005-жылы чыккан. Анда ишкер Флорида штатындагы өз үйүнө секелек кыздарды чакырып, ыплас жоруктарга мажбурлаганы айтылган. Ал кезде Эпштейн прокуратура менен кызматташууга макул болуп, түрмөдөн кутулуп кеткен. Былтыр ушул айып боюнча ишкер камакка алынган.

Жеффри Эпштейн бир нече саясатчылар жана таасирдүү адамдар менен байланышы бар ишкер катары белгилүү болчу. Анын бир нече жолу АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп, мурдагы президенти Билл Клинтон, британ ханзаадасы Эндрю менен сүйлөшүп турган тасмалары чыккан. Трамп миллиардер менен байланышы бар экенин мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG