Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Мирзиёевдин кызы атактуу өзбек блогерлеринин тизмесинен чыгарылды


Саида Мирзиёева.
Саида Мирзиёева.

Forbes.uz сайты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саиданы эң атактуу 16 өзбек блогери деген тизмеден өчүрүп койду. Басылма «Топ-15» аттуу мындай көрсөткүчтү 1-июлда жарыялаган жана бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккандан кийин коомчулукта, блогерлер чөйрөсүндө талкуу жараткан.

36 жаштагы Саида Мизиёева ушул тушта Жалпыга маалымдоо каражаттарынын камкорчулар кеңеш фондунун төрагасынын орун басары болуп иштейт. Быйыл жыл башына чейин ал президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана байланыш агенттигинин жетекчисин орун басары болуп турган. Анын күйөөсү Ойбек Турунов - президенттик аппараттын жетекчисин орун басары.

Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза 2018-жылы Мектепке чейинки Билим берүү министрлигинин башкармалыгына жетекчинин орун басары болуп дайындалган.

Шавкат Мирзиёевдин эки кыз, бир уулу бар.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов бийликте турганда кыздарын дипломатиялык кызматтарга дайындаган жана дипломаттардын кол тийбестик макамын берген. Ушул тушта убагында таасирлүү болгон анын тун кызы Гүлнара Каримова абакта отурат.

XS
SM
MD
LG