Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Казакстанда аскердик университетке Назарбаевдин эстелиги коюлду


Касым-Жоомарт Токаев эстеликти ачуу аземине онлайн катышты.
Касым-Жоомарт Токаев эстеликти ачуу аземине онлайн катышты.

Нур-Султан шаарында Улуттук аскердик университетке Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги орнотулду. Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, азыркы мамлекет башчы Касым-Жоомарт Токаев эстеликти ачуу аземине онлайн катышты жана аталган окуу жайында мындай эстеликтин коюлушун «терең символикалуу акт» катары мүнөздөдү. Ошондой эле Назарбаев бийликте турганда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, коргоо тармагына өзгөчө көңүл бурганын айтып, «эл ынтымагын чыңдап, өлкөнүн өнүгүшүнө жол чапканын» белгиледи.

Нурсултан Назарбаевдин урматына былтыр өлкөнүн борбор шаарынын Астана аты Нур-Султан болуп өзгөргөн. Баш калаадагы эл аралык аэропортко да анын аты берилген. Бир катар шаарларда Нурсултан Назарбаев атындагы көчөлөр жана анын эстеликтери бар. Ошондой эле ири суммадагы акчанын банкотуна сүрөтү түшүрүлгөн.

Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев 6-июлда 80 жылдык маарекесин белгилейт. Бейшембиде анын басма сөз катчысы казак экс-президенти коронавирустан айыкканын кабарлаган. Ага оору жукканы эки жумадай мурун белгилүү болгон.

Назарбаев ушул тушта бийликтеги «Нур Отан» партиясына төрагалык кылат жана өлкөдөгү өтө таасирлүү орган - Коопсуздук кеңешин жетектейт. Ага кол тийбестик макамын берген «эл башы» деген наам ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG