Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Жээнбеков: Эпидемия убагында капчыгын толтургусу келген «эл душмандары» жазасыз калбайт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата тараткан кайрылуусунда коронавирус эпидемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды «татаал бойдон калууда» деп баалады.

Илдет менен күрөшкө жардам берип, кол сунгандарга алкыш айтып, «баарыңарды кайдыгер калбоого чакырам» деди.

Ошону менен катар президент «бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил» экенин белгилеп, «ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди «эл душманы» деп ачык айтарын» билдирди.

Ал дары-дармекти, беткаптарды, жеке коргонуу каражаттарын кымбаттаткандар жазасыз калбай турганын кошумчалады.

Кийинки күндөрү Кыргызстанда дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жатканын жана дарылар кымбаттап кеткенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып жатышат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектердин, медициналык каражаттар менен беткаптардын, антисептиктердин кымбатташына жол бербеш үчүн дарыканаларда рейд өткөрүүдө.

Жалпысынан 18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып кетти.

Пневмонияга чалдыккандардын саны 2508 болду, 120сы кайтыш болду, алардын 664ү айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG