Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

БШК: Шайлоо алдында стадионго эл чогултууга уруксат жок


Интернеттен алынган иллюстрациялык сүрөт.
Интернеттен алынган иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл парламенттик шайлоонун үгүт маалында көп сандаган элди чогулткан иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

«Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Конституциялык мыйзамга ылайык, стадиондордо өтүүчү концерттерге жана спорттук иш-чараларга тыюу салынган».

Шайлдабекованын айтымында, август-сентябрь айларында шайлоо өнөктүгүнүн эң активдүү стадиясы өтөт. Августта талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо болуп, сентябрда үгүт иштери жүрөт.

БШК коронавирус боюнча абалга байланыштуу элдин саламаттыгын коргоо максатында тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлөрүнө убада берүүдө.

3-июлда президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG