Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өткөрүүнүн себебин түшүндүрдү


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эпидемияга карабастан өткөрүү тууралуу чечиминин себебин түшүндүрдү. 3-июлда комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып шайлоону өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин айтты:

«Албетте, азыркы кырдаал жөнөкөй эмес. Көптөгөн адамдар коронавирус пандемиясынан улам кооптонуп жатышат. Конституцияда жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамда «шайлоо милдеттүү түрдө жана мөөнөттүү негизде өтүп турушу керек» деп жазылган. Бул талаптарды сактоо - ар бир мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарты. Бул эл аралык стандарт. Өлкө шайлоону өз маалында өткөрүүгө умтулушу - демократиялык мамлекеттин маанилүү белгиси».

Шайлдабекова азыркы шартта шайлоону элдин саламаттыгын коргоп жана шайлоочулардын да, талапкерлердин да шайлоо укуктарын толук камсыз кылып өткөрүү милдети коюлганын кошумчалады.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Быйыл коронавирус эпидемиясынан улам жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтпөй калган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эки шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуш кылышкан. БШК билдиргендей, бул өнөктүк качан өтөрү белгисиз.

Азыркы тапта Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүүдө. Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG