Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Коронавирус болгон дагы эки бейтап көз жумду, 327 адам жаңы катталды (видео)


Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасынан бир суткада эки адам каза тапты.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 4-июлда Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканада жаткан 65 жаштагы адам жана Ноокат райондагы ооруканада жаткан 74 жаштагы адам каза болгонун кабарлады.

Муну менен өлкө боюнча СOVID-19 вирусунан каза болгондордун саны 78 адамга жетти.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 327 адам жаңы катталды. Анын 71 медицина кызматкерлери.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 149 адам. Чүй облусунда - 65, Ош шаарында 45, Ысык-Көл облусунда 17, Жалал-Абад облусунда 8, Баткен облусунда 12, Ош облусунда 8, Нарын облусунда 22 жана Талас облусунда бир адам катталган.

Илдеттен дарыланып жаткан 59 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыгып кетти.(BkA)

XS
SM
MD
LG