Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Бишкекте эки жатак-мектеп имаратында убактылуу оорукана ачылды


Бишкекте керебеттер коюлган спорттук жай.
Бишкекте керебеттер коюлган спорттук жай.

Бишкектеги убактылуу стационарлар №1 интернаттын (150 орун), Азиз жана көрүүсү начар балдардын интернатынын (80 орун) базасында ачылды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Мындан сырткары "Discovery" мейманканасында 30 орундуу убактылуу оорукана иштей баштайт.

Маалыматка ылайык, бул имараттарда өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштешет. Муну менен катар дарыгерлерден жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган алты тез жардам бригадасы иштей баштады.

Буга кошумча Бишкек шаардык мэриясы борбордогу спорт залдардын имаратына керебеттер коюлуп жатканын кабарлады. Анда коронавирус жана пневмониядан жабыркаган бейтаптар келип, күндүз медициналык жардам алууга ылайыкташат.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) жарандар көбөйүп, ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG