Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Бишкекте төрт медициналык стационардык борбор ачылууда


Бишкек шаарында төрт күндүзгү медициналык стационардык борбор ачылат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ачыла турган борборлор сасык тумоо, пневмония, респиратордук вирустук инфекция жугузуп алган адамдарды кабыл алат.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, стационардык борбор үчүн Ленин районунда “Газпром” спорттук комплекси, Биринчи май районунда Кожомкул атындагы спорт ордосу, Свердлов районунда Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия борбору, Октябрь району боюнча Түштүк магистралдагы наабайкананын имараты берилди.

Ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташкан.

"Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат.

Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат. Ошол эле учурда дары-дармектердин баасына көзөмөл күчөтүлөт”, -деп билдирген Боронов.

Мындан сырткары премьер-министр Боронов калкка ыкчам кеңеш берүү үчүн "Тез жардам" жана 118 кызматынын ишин күчөтүүнү тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG