Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Боронов аймактарда абалдын начарлашына даяр болууга чакырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу Бишкек шаарында катталган абалга башка аймактар даяр болушу керек экенин эскертти.

Өкмөт башчысы 3-июлда аймак жетекчилерине абал начарласа, ооруканаларда кошумча орундарды даярдоону тапшырган.

“Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын-ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек”, - деп билдирген Боронов.

Премьер-министр учурда Бишкек шаарында дагы 600 кошумча орун камдоого даяр экенин кошумчалаган.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жана пневмонияга чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Бул айрыкча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында көп байкалып жатат.

Расмий маалымат боюнча, 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыккан.

Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондордун 151 адамды түздү.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG