Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Президент дарыгерлерди кайрадан мобилизациялоого чакырды


Президент Сооронбай Жээнбеков 4-июлда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн-кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда Жээнбеков кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына көңүл буруп, учурдагы муктаждыктар боюнча так маалымат берүүнү тапшырган.

Муну менен бирге азыркы шарттарда бейтаптарга орунду ыкчам табуу үчүн ооруканалардын бирдиктүү санарип картасын иштеп чыгууга чакырган.

Сооронбай Жээнбеков дары-дармектердин баасын көзөмөлгө алууну белгилеген.

«Мындай нерселер жазасыз калбашы керек. Бул багытта Финансы полициясы иш алып барууда. Саламаттык сактоо министрлиги дагы ар дайым мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды тез берип турууга милдеттүү», — деп билдирген Жээнбеков.

Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жогорку окуу жайлардын ректорлору менен макулдашуу боюнча медициналык факультеттердин жогорку курстарынын 70ке жакын студенти ишке, дагы 30 студент "Тез жардам" кызматына тартылганын маалымдаган.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жана пневмонияга чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Бул айрыкча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында көп байкалып жатат.

Расмий маалымат боюнча, 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыкты.

Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондор 151 адамды түздү. Буга чейин Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG