Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Өлкөдө соңку суткада коронавирус 283 адамдан аныкталды


5-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 283 адам жаңы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Муну менен өлкө боюнча СOVID-19 вирусун жугузгандар жалпы 7377 адамды түзүүдө. Ал эми сутка ичинде 88 адам ооруканадан чыгарылды. Азыркы күнгө карата 2802 адам коронавирусту жеңди.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада вирус аныкталган адамдар эң көп Бишкек шаарында катталып, 162 адамды түздү. Чүй облусунда 31, Ош шаарында 27, Ош облусунда 13, Нарын облусунда 18, Баткен облусунда 13 жана Ысык-Көл облусунда 19 адамдан вирус табылды.

Коронавирус дагы 32 медициналык кызматкерге жукканы белгилүү болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG