Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 10 адам каза болду


Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирус жугузган дагы 10 адам каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Ал эми калгандары:

Ноокат аймактык ооруканасында – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);

Жайыл аймактык ооруканасында – 1 бейтап (80 жаштагы аял);

Москва аймактык ооруканасында – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);

Токмок аймактык ооруканасында – 1 бейтап (59 жаштагы аял);

Ысык-Ата аймактык ооруканасында – 1 бейтап (62 жаштагы аял);

Кочкор аймактык ооруканасында – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).

Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан каза болгондордун жалпы саны 88 адамга жетти.

Кыргызстанда соңку апталарда коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Муну менен кошо анализинен вирус аныкталбай, бирок өпкөсү кагынып ооруканага түшкөндөр да көбөйдү. 4-июлга карата пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 171 адамды түзгөнү кабарланган болчу.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген маегинде буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG